ӨЗ АЛДЫНЧА КОРГОНУУ – ЗАМАНДЫН ТАЛАБЫ

Бүгүнкү  күнү  балдардын  коопсуздугун  камсыз  кылуу  максатында башка  мамлекеттердин  тажрыйбасына  таянып, өзүбүздүн  коомчулукка  ылайыкталган, балдардын  аман  калуу  стратегиясын, аман  калуу  педагогикасын  иштеп  чыгууну,  ошону  менен  бирге,  өзүбүздүн  коомдогу  билим берүү,  саламаттыкты  сактоо,  социалдык  коргоо  тармактары, ички  иштер, жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу органдары, коомчулук, бейөкмөт  уюмдар  менен   бирге  социалдык  өнөктөштүктө   балдардын  укугун  коргоо  максатында  ишти  күчөтүү,  туруктуу  механизмдерин  иштеп  чыгууну сунуштап  кетер  элем.

Балдардын  коопсуздук  стратегиясы (аман калуу  педагогикасы)

ҮЙДӨ ЖАЛГЫЗ БОЛСОӉ:

– Бирөө  эшикти  такылдатса, коӊшуӊ  болсо да, чоочун  адамга  эшикти  ачпа;

– Келген  адам  телеграмма  менен  келгенин  билдирсе, эшикти ачпастан  ага  телеграмманын мазмунун  окут;

– Ата-энеӊдин аты-жөнүн, телефонун, жашаган  дарегин, өзүӊдүн  аты-жөнүӊдү, дарегиӊди   жатка  бил,  керек  учурда  аларга   телефон  чалып  байланыш, алар  албаса тааныштарга  чал;

– Бирөө  эшикти  кагып,  төмөндөгү  коӊшуӊдун  үйүн  суу   басканын  билдирсе, эшикти   ачпастан    ата-энеӊ  менен  телефон  аркылуу  байланыш;

– Эгерде эшик  каккан  адам  үйдө  ким  бар  экенин  сураса,  жалгыз   эмес  экениӊди  билдир  (Апам-атам бар, уктап жатат де);

– Бирөө  эшик  кагып  суу  сураса, ачпастан    жакын  жердеги  суунун  дарегин  айтып  бер;

– Эгерде  бирөө  айнекти  катуу  какса,  «Ата, кел!» – деп  кыйкыр;

– Эгерде  чоочун  адамдар   эшикти  талкалап  жатса, эшикти  ачпастан  телефон менен «02» терип,  милицияга  чал,  жооп  бербесе  же  иштебесе балконго  чыгып  «Пожар!» деп кыйкыр;

– Жалгандан  ойноп,  бирөөнүн  тынчын  алып  телефон  чалба, сенин  кылык-жоругуӊ үчүн ата-энеӊ жоопко  тартылат;

– Кечинде  ата-энеӊ  жумуштан  келгенде  болгон  окуяны  айтып  бер;

– Эгерде  үйдө  өрт  башталса “01”  телефон  чал, чоочун  адамдар  эшикти  бузуп  кирип  жатса “02”  чал,  жакындарыӊ  ж.б. өзүӊ  жаракат  алып  калсаӊ «03» чал, үйдө  газ  жыттанса «04» телефон  чал жана  ата-энеӊди  ж.б.  туугандарыӊды  чакыр;

– Үйдө  ширеӊке, зажигалка, питарда  жана  бенгал  оту  менен  ойнобо!

– Эгерде  үйдө  өрт  башталса, аны  одеял  менен  жаап, тебелеп, суу  чачып өчүр. От  күчөсө инилериӊди-карындаштарыӊды   бөлмөдөн   чыгарганга  аракет  кыл. Эшиги жабык  болуп, бөлмөгө  түтүн  толсо балконго  чык,  ваннага   ж.б.  ашканага  кирип  муздак  сууну  полго чач, кездемени ж.б. майканы  сийдикке  чылап, ошол  аркылуу  дем ал. Өрт өчүргүчтөр келсе  жардамга  чакыр;

– Таштандыларды (мусор)  төгүүгө  ж.б. почта  алууга  чыгаарда  эшиктин  көзүнөн  карап, чоочун  адам  болсо  чыкпай  тур, кийин  чыгасыӊ;

– Сыртка  бир аз  убакытка  чыксаӊ  да  эшикти  кулпулап чык;

– Сыртта  чоочун  адамдарды  көрсөӊ, тез  арада  үйүӊө кирип, эшигиӊди  кулпула;

– Лифтке  чоочун  адам  менен жалгыз  кирбе;

– Эгерде  бирөө  сени  лифтке  күч   колдонуп   сүйрөп  киргизсе, айласын  таап  колун  тиште,  бутуна  теп, лифттин «стоп» деген  кнопкасын  бас, андан кийин  башка этаждын кнопкасын  басып  качып  чыгып  үйүӊө  кет;

– Эгерде   сени  бирөө  зордуктоо  максатында   чечиндиргенге   аракет  кылса, «өзүм  чечинем» деп алаксытып, айласын  таап,  жыныстык  органын  колуӊа  алып  бардык  күчүӊ  менен тартып  жибер, анте  албасаӊ  алаасына  катуу  тээп качып  кет;

– Үйүӊө  барганда   болгон  окуяны   айтып,  сага  асылган  адамды   ата-энеӊе   жашырбай сүрөттөп  бер;

– Телефонго  жооп  бергенде   өзүӊдүн   атыӊды,  кимдин  квартирасы  экенин  айтпастан «Алло, бул  ким!» деп   гана  жооп  бер;

– Эгерде  бирөө  телефондон   намысыӊа  тийип,  жаман  сөздөрдү  айтса, сен жооп бербестен,  трубканы  коюп  кой;

– Эч  кимге  үй-бүлөӊ  жөнүндө, ким  кайсы  жерде  иштегенин, иштен   качан  келерин  айтпа;

– Эгерде   чоочун  адамдарга   капыстан  эшикти  ачып  алсаӊ, шашылыш  жапканга  аракет  кыл. Алар  бут  тосуп  каршылык  кылса,  бутуна  атайын  даярдалган  оор  буюмду  таштап  жибер;

– Эшиктин ачкычын мойнуӊа  жана  кемериӊе такпастан, ар дайым  чөнтөгүӊө  салып  жүр;

– Эч  качан  чоочун  адамдарга  үйдүн  ачкычын  бербе;

– Эгерде  чоочун  адамдар  сенин  ата-энеӊе  ж.б.  бир туугандарыӊа  кол  салса,  аларга  каршылык  көрсөтпө, айласын  таап  үйдөн  качып  чыгып,  элди  жардамга  чакыр;

– Эгерде  үйүӊө  келсеӊ  эшигиӊ  ачык  болсо, үйүӊө  кирбестен  бирөөлөрдүн  үйүнөн  телефон  чал, эч ким  жооп  бербесе  милицияга кабар  бер;

– Үйүӊө  келсеӊ, эшигиӊдин  алдында  чоочун бирөө  сагаалап  жүрсө, үйүӊө  кирбестен  коӊшуӊа  кир.  Ата-энеӊ   иштен  келгенде   жашырбай   бардыгын  айтып  бер.

КӨЧӨДӨ:

– Жашаган  подъездиӊен  жүгүрүп  көчөгө  чыкпа, машина  уруп  кетет;

– Ээн  жерде, жертөлө, тамдын  башында  жана машиналардын  жанында  ойнобо;

– Көчөдө  алдыӊан   шектүү   адамдар  чыкса,  жакындаба, четтеп кет;

– Чоочун  адамдар  сени  машинага  күч  колдонуп  салганга  аракет  кылса жардамга  чакыр , «Пожар!» деп  катуу  кыйкыр, колуӊду  оозуӊа  салып  кусуп, сийип  жибер;

– Эгерде  чоочун бирөө  суусундук  ж.б. балмуздак  сунуштаса,  алба, өзүӊ  сатып  ал. Бейтааныш  адамдын  белегин  алба;

– Эгерде  чоочун  бирөө  сени  кызыктырып  бир жакка  барып,  бир нерсе  көргөндү   сунуштаса макул  болбо,  жанынан  кетип  кал;

– Көчөдө  бир  топ  шектүү  адамдар  кезиксе,  уюлдук телефонуӊду  чыгарып, алардын  көзүнчө  сүйлөшпө;

– Чоочун  бирөө  уюлдук  телефонуӊду  сураса бербе,  зордоп  алып  алса,  катуу  кыйкырып бирөөнү жардамга  чакыр;

– Жаныӊа  чоочун  машина  токтосо, алыстап  жылып  кет;

– Чоочун  бирөө  үйүӊө  жеткизгенге  сунуштаса  чарчасаӊ да макул  болбо,  машинасына  отурба;

– Эгерде  капысынан  бирөөнүн  машинасына  отурсаӊ, ата-энеӊе телефондон  кабар  кылып  кой, тосуп  алсын. Айдоочу  сага  асыла  баштаса, машинанын  рулун  кармап, кыйкырып, бирөөнүн  көӊүлүн  бурганга, айнекти сындырып, машинанын  чехолун  тытып  түшкөнгө  аракет  кыл.

– Чоочун  бирөө  артыӊан  аӊдып  жүргөнүн  байкасаӊ ээн  жакка  барба, көпчүлүктүн  арасына (дүкөн, кинотеатр, базар, аялдама ж.б.)  барып,  ата-энеӊ,  жакындарыӊ  менен  телефон  аркылуу  байланыш, сени  алып  кетишсин же  болбосо администратордон  жардам сура;

– Көчөгө  чыкканда  адамдын  көӊүлүн  тартып,  кымбат  баалуу, өтө  ачык-кыска кийим  кийбе, баалуу  таштарды  такпа.

– Кеч  калба,  ээн  жерде жалгыз жүрбө. Кеч  калсаӊ  туугандарыӊа  айтып  кой, тосуп  алышсын;

– Эгерде шаарда  адашып  калсаӊ,  ата-энеӊ  менен  байланыш,  турган  жериӊди сурап-билип, бир  жерден  жылбастан  аларды  күт;

– Ар  дайым  ата-энеӊе  качан, кайсы жакка, ким менен кеткен  дарегиӊди  айтып  жүр;

– Көчөдө  бирөөлөр  уруш-мушташка  тартса, байланышпа, кетип  кал;

– Бирөөлөр  жол  сураса, билсеӊ  жакшы  түшүндүр, бирок  кошо  барба. Үй-бүлө,  мектеп  жана  достор  арасында:

– Эгерде  мектепте, досторуӊдун  арасында, үй-бүлөдө  бир проблема  болсо,  жашырбай  ата-энеӊе, ишенген  адамыӊа  айтып  бер;

– Жыныстык  катнаш  боюнча  маселелерге кызыксаӊ, өзүӊөн  улуу  ишенген  адамыӊ  менен  сүйлөш, ата-энеӊден  сура;

– Зордуктоого   өзүӊ  катышпа;

– Эгерде  бирөө  сага  карата  зордук-зомбулук  кылууга аракет кылса, адамдын  назик  жерине, алаасына, бутуна  теп, жардамга  чакыр, колун, мурдун, кулагын тиште. Сен зордукка  кабылсаӊ же сенин  досуӊду бирөө  зордуктаса, ата-энеӊе   жашырбай,  баарын  айтып  бер;

– Досторуӊ  сага  жыныстык  катнашка  катышууну  сунуштап  жатса, ойлон, каршылык  көрсөт ж.б. сактануучу  каражат (контрацепция)  пайдалан;

– Досторуӊ ичимдик  ичүүнү сунуштап  жатса, ойлон, кийинкиси   кандай  болот;

– Эс  алуу кечесинде  конфликттик  жагдай  жаралса,  бирөөлөр  сени  досторуӊ  менен ичимдикке  кыстап  мас кылууга  аракет  кылса, мушташка  тартса ал  жерден  досторуӊду алып кет;

– Эгерде  өзүӊ же досуӊ  мас  болуп  калса,  ата-энеӊе  чал, алып  кетсин, досуӊду  мас  боюнча жалгыз  таштаба, үйүӊө  алып  кетип жакындарына  билдир, такыр  болбосо  «03» чалып тез  жардам  чакыр;

– Мас  боюнча  бирөөнүн  машинасына  түшпө;

– Эгерде  бирөө куру жалаа  кылып сени уурулукка  айыптаса, тынбай зомбулук  менен  акча талап кылса, зордуктаса ата-энеӊе, жакындарыӊа  билдир, өз  өмүрүӊдү  кыйганга  шашпа! Өмүр  кымбат, кайталангыс;

– Эгерде  үйүӊө  келген  бирөөлөр ата-энеӊдин баалуу  буюмдарын  көрсөт деп  сураса айтпа;

– Бирөөлөр  акча  табуу боюнча  иш сунуштаса тез  макул  болбо,  ата-энеӊ  менен кеӊеш, иштин  шарты  менен  тааныш;

– Ата-энеӊ  досторуӊду  жактырбаса, терикпе, капа болбо, себебин  сура, анткени алардын  жашы  улуу, турмуштук тажрыйбасы бар,  көптү  билет;

– Жаман чөйрөгө  аралашпа, досторуӊ  жолдон  чыгарып сыноодон  өтүү  максатында ж.б. тамаша  иретинде уурулукка, бирөөнүн  машинасын  айдап  кетүүгө, көчөдө бирөөнү  тоноого  үгүттөсө, катышпа, кетип  кал, эртеӊ  жообун   ата-энеӊ  тартат;

– Досторуӊдун  ыймандуулугунда  күмөн  санасаӊ, ата-энеӊе, жакындарыӊа айт;

– Бирөөнүн  буюмдарын  үйүӊдө  сактаганга  макул  болбо, уурдалган  болуп  чыкпасын, эртеӊ  сен  жооп  берип  каласыӊ;

– Досторуӊдун бирөө абакка камалып  чыкса, анын  таасиринен  этият  бол,  сөзүнө кызыкпа, анын  кылганын  туураба;

– Мектепте  сен тааныбаган  чоочун  бирөө  бир  жакка  чакырып  сунуштаса, барба, жанынан  кетип  кал, класс  жетекчиӊе айт;

– Досуӊ  жертөлөнү, тамдын башын ж.б. изилдөөгө  чакырса, барба,  досуӊду  да жөнөтпө;

– Мектептин  ажатканасынын  жанында чоочун бирөөлөр же бир топ  адамдар турса ажатканага  барба;

– Мектептен  бирөөлөр   ата-энеӊдин  атынан  чакырып  чыкса, барба;

– Сабак учурунда жогорку класстын окуучусу “директорго” деп  чакырып  чыкса,  барба, сабактан  кийин  бар, мугалимге  айтып  чык;

 – Үйүӊдөн  мектепке  барып  келе турган маршрутту  жатка  бил,  коопсуз  жерден  өт, кыска жол  издебе, ээн, караӊгы жерде  баспа, көпчүлүк  бар  жерде жүр, парк, токойго бейтааныш  адам  менен   барба;

– Коӊшу  эркек адам  сага  кызыгып,  улам  белек  берип  үйүнө  чакырса, барба,  ата-энеӊе  билдир;

 – Коӊшуӊ  сага  машинасы  менен  үйүӊө  жеткизгенди  сунуштаса, макул  болбо,  ал  да  сага чоочун;

– Ата-энеӊдин  куралын көрсөтүп, досторуӊа мактанба;

– Курал  менен  ойнобо,  бирөөгө  мелжебе, капыстан ок тийип  калышы  мүмкүн;

– Куралды  башыӊа  такаба, кызыгып  чачып, чукуганга аракет  кылба;

– Көчөдө  курал  атылса  эшикке  чыкпа, терезеге жакындап барба, капыстан ок  тийип  калышы  мүмкүн;

– Эгерде  сени  туткунга  түшүрсө, сабыр кыл, баскынчылардын  кыжырына  тийип,  керексиз  каршылык  көрсөтпө, сенин  артыӊан  башкалар да  бейкүнөө  курман  болуп  калышы  мүмкүн;

– Капыстан  баӊгизат  пайдаланган адамдардын  арасына туш  келип  калсаӊ, айласын  таап  эптеп  кетип  кал, чеккенге  азгырылба, эртеӊки  күнүӊдү  ойло;

– Ооруп  калсаӊ  билбеген  дарыӊды  ичпе;

– Кудайды  сүйлөп, белек  берип  кызыктырса да башка динге, сектага  өтпө, ата-энеӊ  менен  кеӊеш, кийин   сектадан  чыгыш  кыйын  болот;

– Бирөөнүн сөзүнө кирип, сектага  кирип ант берип алсаӊ, кийин  чыгуу  кыйын  болсо, жакындарыӊдан  жардам  сура;

– Үйүӊдө конфликттик  жагдай  болуп  калса, капа болуп үйдөн  чыгып  кетпе, ойлон, туугандарыӊ  сен  үчүн  күйүп  жатат,  алар  сени  жакшы  көрүшөт!

– Эгерде  сенин  атаӊ же  апаӊ өгөй  болуп  чыкса, капа  болуп  үйдөн  чыгып  кетпе,  бала жараткан эмес, багып, тарбия  берип, мээримин  төгүп өстүргөн  адам ата-апа болуп  эсептелет;

– Ата-энеӊе, жакындарыӊа ишеним  көрсөт, болгон  окуя  боюнча  сөздү  өзүӊ  башта, жашырба, тартынба, жалгыз  алар гана  сага  татаал  жагдайдан  чыгууга  жардам  бере  алат.

АКЧАГА БИРДЕМЕ САТЫП АЛУУДА:

– Дүкөнгө  баруу  үчүн  үйдөн  чыкканда алган  акчанын  санын  так  бил;

– Элдин  көзүнчө,  коомдук  жайда  акчаны  эсептебе;

– Чоочун   бирөөгө  ала  турган  буюмуӊ, акча  каражатыӊ  боюнча  айтпа;

– Акчаны  бир  нечеге  бөлүп  ар  жерге  бекит;

– Акчаны   оӊой  жерге  койбо, байпагыӊа, чөнтөккө  бекитпе, уурулар  сууруп  алат;

– Дүкөндө сатуучу  чакырган  жакка  барба, өзү  сатылуучу  буюмду  алып  келсин;

– Күмөндүү  адамдан, колдон  буюм  сатып  алба,  акчаны  алдырып  алданба;

– Көрүнгөндөн  акча  алмаштырба, атайын  алмаштыруучу  пункттардан  ал;

– Колуӊда  көп  акча  болсо  кумар  оюндарына  азгырылып  катышпа, акчасы жок  каласыӊ;

– Дүкөндүн  алдында  чоочун  адамдарга  велосипед  жана  чананы  калтырба, аларды  жоготуу  коопсуздугу  бар;

– Бирөөнүн  сунушун  кабыл  алуунун  алдында  шашпай, абдан  ойлонуп  тыянак  чыгар, өзүӊдүн  ички  сезимиӊе  таян, жаман  жагдайга, түйшүккө туш  келсеӊ, ата-энеӊден  жашырбай,  кайрылып  жардам  сура, тартынба!

Н.Исманова, Кара-Кулжа  райондук  мамлекеттик администрациясынын  башчысынын  орун  басары

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*