КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЮТКУЛУУ СЫРЛАРЫ

Ааламдашуу шартында улуттук өзгөчөлүктөрдү сактап калуу үчүн салттуу билимдерди изилдөө, аны окуу процессине киргизүү, заман талабына ылайык жаӊылоо жана практикада кеӊири колдонуу, илимдин жетишкендиктери менен салттуу билимдерди айкалыштыруу максатында алгачкы жолу салттуу билим боюнча атайын окуу программасы иштелип чыкты. Ал Кыргыз агрардык университетинин Окумуштуулар кеӊешинде талкууланып, бир добуштан  кабыл алынды.

Кыргыз элинин салттуу билимдеринин негиздери дисциплина аралык окуу курсунун типтүү программасы К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун демилгеси менен, Кристенсен  фондунун (АКШ) колдоосу аркылуу 2011-2012-жылдары атайын түзүлгөн жумушчу топтун аракетинин негизинде алгачкы жолу иштелип чыгууда. Ал Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз улуттук агрардык университетинин, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин, Кыргыз экономика университетинин, И.Арабаев атындагы КМУнун профессор-окутуучулары тарабынан түзүлдү. Программа жогорку окуу жайларынын ар кандай багыттагы адистиктеринин студенттери үчүн сунушталат.

– Буга чейин бул окуу программасына карата башка окуу жайлардын окумуштуулары жана илимпоздору тарабынан ой-пикирлер келип түшкөн. Айта кетсек, ЖК депутаты К.Осмоналиев, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Ө.Осмонов, КМУнун профессору, педагогика илимдеринин доктору А.Муратов, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент А.Турусбекова бул программага карата өздөрүнүн баалуу ой-пикирлерин жөнөтүшкөн. Негизги материалдар кыргыз архивдеринен, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын жазма фондунан, эл арасынан топтолду. Эми ушул салттуу билимди окутуунун методикасы иштелип, мугалимдер, студенттер үчүн окуу куралдары даярдалууда.

Бул долбоордун ишке ашышына Агрардык университеттин ректорунун кошкон салымы зор. Ал көп колдоо көрсөтүп, жакшы жардам берди. Бул университетте ишке ашырылып жаткан долбоорлордун кыскача жыйынтыгы деп билсек болот. Окуу жай көптөгөн долбоорлордун үстүндө иштеп келет. Албетте, ал жетишкендиктер биздин ректор Р.Нургазиевдин келиши менен ишке ашырылууда, – дейт Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун жетекчиси Мурат Айтматов. 

Учурда коомчулук экологиялык кризис  бирден-бир актуалдуу, ары курч маселе экендиги талашсыз. Бүгүнкү экологиялык кризистин өзөгү жана башкы себеби – биоартүрдүүлүктүн кыйроосу менен негизги функцияларынын бузулушу экендиги маалым.

Байыртадан келе жаткан кыргыз эли табият менен бирге эриш-аркак жашап, жаратылышка өтө кылдат, аяр мамиле кылып, мал-чарбачылык жана дыйканчылык менен тиричилик өткөрүп келишкен. Кылымдар бою кыргыздар көчмөн жашоо-тажрыйбасынын негизинде ар кандай шартка ыӊгайлаштырып, беш түлүк малдын түрлөрүн багышкан.

Жаратылышка аяр мамиле кылуу жана аларды коромжусуз пайдалануу, мал багуу жана аны көбөйтүү, ошондой эле дарылык касиетке ээ ар кандай чөптөрдүн түрлөрүн өз мезгилинде жыйноо, сактоо жана үй жаныбарларын дарылоо тууралуу салттуу билимдерин табигый айлана-чөйрөгө зыян келтирбей, муундан-муунга өткөрүп келген. Бирок, тилекке каршы, бул билимдердин көпчүлүгү унутулуп, жок болуп кетүү коркунучунда турат. Бул проблеманы чечүү, жөнгө салуу жана өсүп келе жаткан жаш муунга мурас катары калтыруу максатында жогорку окуу жайларга дал ушул курсту дисциплина аралык окуу курсу катары киргизүү зарылдыгы келип чыгууда.

САЛТТУУ БИЛИМДЕРДИН ТЕОРИЯСЫ ЖАНА МЕТОДОЛОГИЯСЫ

 Бул бөлүм студенттерге салттуу билимдин теориялык негиздерин, түрлөрү боюнча билим берүүнү жана аларды топтоо, изилдөө, жайылтуунун методологиялык жол-жоболорун үйрөтүүнү көздөйт. Кыргыз элинин кылымдап калыптанып келген салттуу билимдерин жыйноо, изилдөө жана аны окуу процессине киргизүү өтө зарыл. Бул кыргыз элинин маданиятын, тарыхын, каада-салтын иликтеп түшүнгөнгө түздөн-түз кызмат кылат.

Курста салттуу билимдер жөнүндө теориялык түшүнүк берилип, анын башка билимдердин түрлөрү менен байланышын ачууга, өзгөчөлүктөрүн аныктоого, салттуу билимдердин түзүлүшү жана түрлөрүн ажыратууга, кыргыз элинин салттуу билимдерин топтоонун, изилдөөнүн, иреттөөнүн негизги жолдорун үйрөтүүгө, анын укуктук негиздери менен тааныштырууга, заман талабына ыӊгайлаштыруу шарттарынын жол-жоболору тууралуу маалымат берүүгө жана аны изилдөөнүн, колдонуунун эл аралык тажрыйбасы жөнүндө маалымат берүүгө аракет көрүлөт. 

Бул бөлүм философия илимдеринин доктору, профессор Ж.Бөкөшов, педагогика илимдеринин доктору С.Батаканова, философия илимдеринин кандидаты, доцент Г.Ботоканова, изденүүчү Ж.Доолбекова, окутуучу А.Шералиева жана А.Калбаева тарабынан даярдалды.

КУРСТУН АКТУАЛДУУЛУГУ 

 Салттуу билимдер – убакыттын өтүшү менен белгилүү бир тартипте жана мааниде, бир муундан экинчи муунга өтүп, адамдардын ишмердүүлүгүнүн ар түрдүү тармактарында колдонулуучу билимдер, усулдар жана ыкмалар ар дайым жаӊыланып, толукталып турат.

Кыргыз эли өзүнүн салттуу билимин көздүн карегиндей сактап муундан-муунга өткөрүү менен мезгилдин талабына жараша өрчүтүп келүүдө. Бирок азыркы күндө кыргыз элинин көпчүлүк салттуу билимдери айрым бир объективдүү себептердин негизинде (саясий себептер, ааламдашуу ж.б.) унутта калып же эскинин калдыгы катары бааланып, айрым бир өзгөрүүлөргө дуушар болуп, күндөлүк турмушта кеӊири колдонулбай калган.

Кыргыз элинин салттуу билимдерин топтоп-жыйноо, аларды изилдеп үйрөнүү, калыбына келтирүү жана окутуу учурдагы эӊ орчундуу маселелерден болуп саналат. Бирок бүгүнкү күндө кыргыз элинин салттуу билимдери боюнча атайын окуу программаларынын, методикалык көрсөтмөлөрдүн, китептердин жана адистердин жоктугу негизги көйгөй болууда.

Кылымдар бою топтолгон кыргыз элинин салттуу билими элдин өткөн тарыхын таанып билүүнүн бай булагы болуп жана келечекке өнүгүүгө чоӊ түрткү берет. Ошондуктан жаш муундарды тарбиялоодо ата-бабалардан калган биомаданий ар түрдүүлүк боюнча салттуу билимдерди окутуп үйрөтүү менен кыргыз элинин баа жеткис мурастарын кайра калыбына келтирип колдонуу, сактоо, коргоо, урматтоо жана келечек муунга калтыруу – бул курстун негизги өзөгү болуп саналат. Муну менен бирге студенттерге салттуу билимдер боюнча теориялык түшүнүк берүү, алардын улуттук аӊ-сезимин өстүрүү, адистик маданиятын жогорулатуу, таалим-тарбия берүүдө, улуу мурастарды муундан-муунга өткөрүү салтын жандандыруу, жашоо-тиричиликте колдонууга үйрөтүү жана атуулдук жигердүүлүгүн арттыруу максатын көздөйт. 

ЭТНОБОТАНИКА 

 Бөлүм кыргыз элинин салттуу билимдерин, анын ичинде этноботаниканы өздөштүрүү менен жаратылышка аяр мамиле жасоо, өсүмдүктөрдүн түрлөрүн максатка ылайык колдонууну кеӊири жайылтуу, келечек муундарды окутуп-тарбиялоодо кыргыз элинин этноботаника жөнүндө салттуу билимдерин жайылтуу, ошондой эле өсүмдүктөрдүн нукура кыргызча аталыштары, алардын баалуулуктары боюнча студенттердин билимдерин байытуу жана бекемдөө максатын көздөйт. Анда өсүмдүктөрдүн ар кандай түрлөрүн изилдөө, алардын сырларын тереӊ билүү, аны күнүмдүк турмушта кеӊири колдонуу үйрөтүлөт.

Учурда ботаника илиминин көптөгөн жетишкендиктери салттуу билимдерге негизделген, ошол эле учурда этноботаниканын көмүскө, ачыла элек мүмкүнчүлүктөрү да бар. Аларды азыркы илим менен айкалыштырып, ылайыгына жараша өндүрүштө жана турмушта колдоно жана коргой билүү маанилүү.

Бул бөлүмдө студенттерге этноботаника жөнүндө түшүнүк берилип, этноботаникалык билимдерди топтоонун ыкмаларын үйрөтүү, өсүмдүктөрдү таанып билүүдө элдик ыкмаларды колдоно билүүгө, өсүмдүктөрдүн элдик аталыштарын илимий аталыштары менен айкалыштыруу, табият кубулуштарын аныктоочу өсүмдүктөрдү тааный билүүгө жетишүү, ата-бабалар пайдаланылып келген дары-дармек, тоют, боек, тамак-аш өсүмдүктөрүнүн касиеттерин ачып берүү милдети каралган.

Бул бөлүм биология илимдеринин доктору, профессор И.Соодомбеков, биология илимдеринин кандидаты, доцент Н.Иманбердиева, окутуучулар: У.Кармышова, А.Нурманбетова тарабынан даярдалды.

 ЭЛДИК ТАМАК-АШТАР

 Программанын 3-модулу элдик тамак-аштарга арналган. Азыркы күндө элдик тамак-аштын көп түрлөрү, аларды даярдоо ыкмалары, тамак-ашты колдонуу маданияты жана үрп-адаттары унутулуп бара жатат. Кыргыз элинин тамак-ашы адамдын организмине тийгизген таасири, азыктык баалуулугу, экологиялык жактан тазалыгы менен өзгөчөлөнөт. Ошондуктан азыркы учурдагы студенттер жана жалпы эле эл-журт үчүн салттуу билимди окутуу, элдик тамак-ашты даярдоодо элдик ыкмаларды колдонуп даярдоо, тамактануу маданиятын жана үрп-адаттарын күнүмдүк турмушта колдонууга үйрөтүү чоӊ мааниге ээ.

Андыктан бул бөлүм студенттерге кыргыз элинин тамак-аштарын даярдоо салттарын окутуу, тамактануунун улуттук маданиятын үйрөтүү, улуттук меймандостукка тарбиялоо максатын көздөп, кыргыз элинин тамак ичүүдөгү маданияты жана үрп-адаттары жөнүндө маалымат берүү, элдик тамак-аштарды даярдоо өзгөчөлүктөрүн аныктоо, тамак-аштардын түрлөрүн (ассортиментин) жана түркүмүн (классификациясын) үйрөтүү, азыктык чийки заттарды жана даярдалган тамак-аштарды сактоодо элдик ыкмаларды колдонууга үйрөтүү, элдик тамак-ашты элдик ыкмаларды колдонуп даярдоого үйрөтүү милдетин аткарат.

Бөлүм техника илимдеринин доктору, профессор К.Алымбеков, техника илимдеринин кандидаты, КЭУнун профессору Б.Журупова тарабынан даярдалды.

ЭЛДИК МАЛЧЫЛЫК

 Программанын төртүнчү бөлүмү көчмөн кыргыздардын негизги турмуш-тиричилигинин башаты болгон беш түлүк малды багып, алардан негизги азык-түлүк, буюм-тайымдарды даярдоо, малдын этинен, сүтүнөн, майынан азык-түлүк даярдоо, терисин, жүнүн, сөөгүн, мүйүзүн, кылын үй тиричиликке, кол өнөрчүлүккө, кийим-кечектерге, кыгын жер семирткич, тезегин отун катары пайдаланып келишкендигин окутуп-үйрөтүүгө арналат. 

Кыргыздар жайыттарды жаз, жай, күз, кыш мезгилдеринде туура пайдаланышкан жана малдардын табиятын жакшы түшүнүүгө жетишкен, ошондой эле салттуу билимдерди жана көндүмдөрдү пайдалануу менен аларды туура багуунун жолдорун өздөштүргөн.

Элдик малчылык сабагынын актуалдуулугу азыркы мезгилдеги мал чарбасынын маанисин, мал багуудагы элдик салттарды, укумдан-тукумга уланган ыкмаларды кайра жандандыруу жана жаш муундарга жеткирүү, ар бир кыргыз жашоосунда колдонууда жатат.

Бул сабакта беш түлүк малды багуунун бөтөнчөлүктөрү, айырмачылыктары, ошондой эле окшоштуктары, багуу жана асыроо шарттары, малдын түсү, жашы жана дене мүчөлөрүнүн элдик аталыштары үйрөтүлөт.

Элдик малчылык бөлүмүн биология илимдеринин доктору, профессор Ы.Абдурасулов,  айыл чарба илимдеринин доктору, профессор А.Ажибеков, айыл чарба илимдеринин кандидаттары, доценттер У.Шергазиев жана И.Алыкеев иштеп чыкты.

 ЭЛДИК МАЛ ДАРЫЛОО

 Кыргыз элинин билим-тажрыйбасы узак убакыттар малга байкоо жүргүзүүдөн, дарылык касиети бар деп эсептелинген заттарды колдонуп, башка мал дарыгерлик боюнча маалыматтардын негизинде, ошондой эле зирек, бул иш менен талыкпай алектенген адамдардын эмгеги менен топтолуп, улам өркүндөп-өсүп, нечен кылымдык бай тажрыйбанын негизинде калыптанып келген. Ушундай жол менен топтолгон салттуу билим оозеки түрүндө муундан-муунга берилип, кээ бири гана азыркы биздин заманга жеткен. Мисалы, маӊка, шарп, сакоо, кара аскак, кара жама, чакалай, ак-чычкак, жаталак, жем түшүү, богонок, топчулоо, томуктоо, сыныктарды дарылоо ж.б.

Азыркы учурда малды дарылоодо жана ылаӊдарды алдын алууда салттуу ыкмалар учурдун талабы десек туура. Бирок саясий шарттарга байланыштуу малдардын ылаӊдарын дарылоонун элдик ыкмаларын окутуу эски салт катары өгөйлөнүп, ошонун негизинде алар окуу программасына киргизилген эмес. Ошондуктан салттуу ыкманын негизинде мал дарылоону азыркы илимдин жетишкендиктери менен айкалыштырып, жашоо шартта учурдун талабына ылайыктап пайдалануу абзел.

Курста салттуу билимде маалым болгон беш түлүк малдын ылаӊдарынын белгилерин, азыркы учурдун шартына ылайык, дарылык касиетке ээ болгон табигый заттарды колдонуу жолу менен дарылоонун эрежелерин жана ыкмаларын үйрөтүү максат кылынып, малдын ар кандай ылаӊдарына каршы дары өсүмдүктөрүнөн жасалган заттарды колдонуунун эрежелери үйрөтүлүп, мал дарылоодо салттуу түрдө колдонулуп келген табигый минералдардын дарылык касиеттери көрсөтүлүп, элдик салттуу билимде маалым болгон жугуштуу, мите ылаӊдардын белгилерин талдоо жана алдын алуу, дарылоонун элдик ыкмалары үйрөтүлүп, малдардын жугушсуз ичеги-карын ылаӊдарынын салттуу билимге маалым болгон белгилери аркылуу дартын аныктоо, өзгөчөлүктөрүнө жараша дарылоонун ыкмаларын үйрөтүү жана аларды учурдагы билим менен салыштыруу практикалык негизде үйрөтүлөт.

Бул бөлүм ветеринария илимдеринин докторлору, профессорлор Р.Нургазиев, М.Айтматов, А.Иргашев,  Р.Салыков, А.Түлөбаев тарабынан даярдалды.

Программа жөнүндө жалпы маалымат

 Сунушталып жаткан программа: САЛТТУУ БИЛИМДЕРДИН ТЕОРИЯСЫ ЖАНА МЕТОДОЛОГИЯСЫ, ЭТНОБОТАНИКА, ЭЛДИК ТАМАК-АШТАР, ЭЛДИК МАЛЧЫЛЫК, ЭЛДИК МАЛ ДАРЫЛОО деген беш бөлүмдөн турат. Аларды окутууда атайын салттуу билимдерди окутуунун жолдору жана интерактивдик ыкмалар пайдаланылат. Сабакта практикалык жана теориялык иштер бири-бири менен айкалышып иш жүзүнө ашат.

Студенттердин өз алдынча иштөөсү ар бир студент менен жекече эссе жана реферат жазуу түрүндө аткарылат. Программада алардын болжолдуу темалары жана аткаруунун талаптары көрсөтүлгөн.

Жеке өзгөрүүлөргө көз салуу – катышуучулардын предметти өздөштүрүү деӊгээлин аныктоо максатында, аларды үч жолу: курстун башталышында, ортосунда жана аякталышында текшерүүдөн өткөрүүгө болот. Программанын 1-бөлүмү (модуль) жогорку окуу жайдагы бардык багыттагы адистиктердин студенттерине сунушталат, ал эми 2-3-4-5-бөлүмдөрү жогорку окуу жайларынын адистиктерине жараша сунуш кылынат.

 Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*